Авиакырсыкта жабыркаган Кыргызстандын жаранына операция жасалды

Окуялар тизмеги 30 Дек 2019 12:22
0 ой-пикир

Алматыдагы учак кырсыгында жабыркаган Кыргызстандын жаранына операция жасалды. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйында Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директору Алмаз Имангазиев билдирди.

Анын айтымында, ал жаран учурда ооруканада жатат.

«Ага Сабырбек Жумабеков операция жасаган. Абалы туруктуу. Кыргызстандын Алматыдагы консулдугунун кызматкерлери андан кабар алып келишти», — деди ал.

Эскерте кетсек, 27-декабрда казакстандык «Bek Air» авиакомпаниясынын «Алматы — Нур-Султан» багыты менен чыккан учагы саат 07:05те учуп чыгып, радарлардан жоголуп кеткен. Учакта 95 жүргүнчү жана экипаж беш мүчөсү болгон. Казакстандык ММКлардын маалыматы боюнча, кырсыктан 12 адам каза болгон. Божомолдор боюнча, учак учуп чыгып, көтөрүлө албай эки кабаттуу имаратты сүзгөн.

Аталган учакта Кыргызстандын бир жараны болгон. Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулдугунун маалыматы боюнча, учакта 1983-жылы туулган К.М. аттуу КР жараны болгон.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.