Аскер кызматкерлери батирлүү болушту. Сүрөт

Окуялар тизмеги, Өлкө 30 Дек 2019 17:29
0 ой-пикир

Бүгүн, 30-декабрда, Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматчылары жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) кызматкерлери жаңы батирлердин ачкычтарын алышты. Аларды жаңы конушу менен Президент Сооронбай Жээнбеков куттуктады.

Мамлекет башчысынын катышуусу менен Бишкек шаарынын 12-микрорайонунда аскер кызматкерлери жана Чүй областынын Аламүдүн районунун Молдовановка айылында ЖАМК кызматкерлери үчүн турак жайлардын ачылыш аземи болуп өттү.

Президент аскер кызматчыларын кубанычтуу окуя менен куттуктап, бул Жаңы жылдын астында болуп жаткандыгынын символикалуу экендигин, аскер кызматкерлеринин социалдык абалын жакшыртууга мындан ары да өзгөчө көңүл буруларын белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков ар бир үйгө 200 миң сомдук сертификаттарды тапшырып, аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү менен баарлашып, аларды келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктады жана чын ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалады.

2019-жылда Куралдуу күчтөрдүн аскер кызматчылары жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн 265 батирлүү 9 үй курулган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.