Алматыдагы авиакырсык: каза болгондордун үй-бүлөсүнө 4 млн теңге берилет

Окуялар тизмеги 30 Дек 2019 09:11
0 ой-пикир

Алматыда кулаган учактан каза болгон адамдардын жакындарына төрт миллион теңгеден (800 миң сом) берилет. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттиги премьер-министр Аскар Маминге таянуу менен билдирди.

Өкмөт башчы кырсыктын келип чыгуу себептерин иликтөө боюнча түзүлгөн өкмөттүк комиссиянын жыйынын өткөргөн.

«Президент Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы боюнча каза болгон адамдардын баарынын үй-бүлөсүнө төрт миллион теңге (10,5 миң доллар) берилет. Мындан сырткары, жаракат алгандарга да каржылык жардам көрсөтүлөт», — деди Казахстандын премьер-министри.

Ошондой эле ал түзүлгөн комиссия 10-январга чейин алдын ала корутунду чыгарышы керектигин белгилеген.

Эске сала кетсек, 27-декабрда Казакстандык «Bek Air» авиакомпаниясынын «Алматы — Нур-Султан» багыты менен учкан учак кулап түшкөн. Учакта 95 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгон. Казакстандык ММКлары билдиргендей , кырсыктан 15 адам каза болгон.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.