Алматыда кулаган учактан каза болгон адамдардын жакындарына төрт миллион теңгеден (800 миң сом) берилет. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттиги премьер-министр Аскар Маминге таянуу менен билдирди.
Өкмөт башчы кырсыктын келип чыгуу себептерин иликтөө боюнча түзүлгөн өкмөттүк комиссиянын жыйынын өткөргөн.
«Президент Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы боюнча каза болгон адамдардын баарынын үй-бүлөсүнө төрт миллион теңге (10,5 миң доллар) берилет. Мындан сырткары, жаракат алгандарга да каржылык жардам көрсөтүлөт», — деди Казахстандын премьер-министри.
Ошондой эле ал түзүлгөн комиссия 10-январга чейин алдын ала корутунду чыгарышы керектигин белгилеген.
Эске сала кетсек, 27-декабрда Казакстандык «Bek Air» авиакомпаниясынын «Алматы — Нур-Султан» багыты менен учкан учак кулап түшкөн. Учакта 95 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгон. Казакстандык ММКлары билдиргендей , кырсыктан 15 адам каза болгон.