Мушкерди аткан башчы «Оштун мыкты жетекчиси» деп аталды

Окуялар тизмеги, Өлкө 29 Дек 2019 10:05
0 ой-пикир

Коомубуз социалдык тармактарда жалпы журтубузга байланыштуу көйгөйлөрду ачыкка чыгарып, элдин таразасына коюп келет. Учурда Кылыч Саркарбаевге «Жылдын мыкты жаш жетекчиси» деген наам ыйгарылгандыгы интернет колдонуучулар тарабынан кызуу талкууга түшкөн кези.

Анткени, Ош облустук милициясы «Саркарбаев ушул жылдын 22-сентябрында Ош шаарына жакын Фуркат айылында эрежесиз мушташ чебери Төлөгөн Рахманберди уулун аткан» деп маалымат тараткан. Кийин Рахманберди уулу өзүн-өзү атып алганын айтып чыккан.

Ошондой эле «Мыкты жетекчи» деп аталган Саркарбаев «Женго» каймана аты менен таанымал, кылмыштуу топтун мүчөсү катары айтылып жүргөн Кадыр Досонов менен жакын тааныштыгы бар экендиги белгилүү. 

Эске сала кетсек, Кылыч Саркарбаев Ош шаардык спорт комитетин 2015-жылдан бери башкарып келет.

«Жылдын мыкты жаш жетекчиси» наамын ага Оштун мэри Таалайбек Сарыбашев жаңы жылдык кечеде тапшырган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.