Кышкы туристтик сезон расмий ачылды. Сүрөт

Окуялар тизмеги, Өлкө 29 Дек 2019 18:19
0 ой-пикир

Кыргызстанда кышкы туристтик сезон расмий түрдө Чүй облусундагы «Ак-Түз» тоо лыжа базасында ачылды. Бул жөнүндө Туризм департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Ак-Түз» былтыр ачылган жаңы лыжа базасы. Кыргызстанда жалпысынан 22 тоо лыжа базасы бар, анын ичинен болгону 16сы иштейт. Жакынкы келечекте тоо лыжа базасын өлкөнүн түштүгүндө да ачуу жана өнүктүрүү пландалууда. Алсак, Алай районунда.

«Чүй облусунун Кемин районундагы «Ак-Түз» тоо лыжа базасында балдар жана чоңдорго арналган атайын эки жол бар. Көпчүлүгү лыжаны эч ким тебе элек жолдон тепкенди жакшы көрөт. Башкача айтканда, балатылардын арасында. Мындай көрүнүш Европада кеңири жайылган. Free ride жана Skip Tour биздин уникалдуулугубуз боло алат», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей өтсөк, кышкы туризм өлкө экономикасы үчүн маанилүү багыттардын бири. Эксперттердин айтымында, жыл сайын кышкы спортко кызыккан чет өлкөлүк туристтердин саны көбөйүүдө.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.