Бишкектин чок ортосунан чыккан өрт өчүрүлдү

Окуялар тизмеги, Өлкө 29 Дек 2019 09:06
0 ой-пикир

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Бишкекте кийим-кече саткан дүкөндөн чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү.

Эске салсак, Киев жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишиндеги дүкөндөрдүн биринен өрт чыккан. Тилсиз жоо саат 22:53тө өчүрүлүп бүттү. Жеринде өрт өчүрүүчү эки унаа иштеди. Жабыр тарткандар жок.

Учурда өрттүн себептери такталып жатат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.