Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Бишкекте кийим-кече саткан дүкөндөн чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү.
Эске салсак, Киев жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишиндеги дүкөндөрдүн биринен өрт чыккан. Тилсиз жоо саат 22:53тө өчүрүлүп бүттү. Жеринде өрт өчүрүүчү эки унаа иштеди. Жабыр тарткандар жок.
Учурда өрттүн себептери такталып жатат.