Бишкек мэриясы: Жаңы жыл күнү коомдук транспорт түнкү саат 2.00гө чейин иштейт

Окуялар тизмеги 29 Дек 2019 21:11
0 ой-пикир

Жаңы жыл түнү баш калаада коомдук транспорттор саат 2.00гө чейин иштейт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 31-декабрь күнү борбордук аянтта эстрада жылдыздарынын коштоосунда концерт өтөт. Ага байланыштуу саат 22.00дөн тарта троллейбустар борбордук аянттан тургундарды шаардын туш тарабына жеткирет.

Мындан тышкары 1-январь күнү 74 троллейбус жумушка чыгып, атайын расписание менен 8.00дөн 20.00гө чейин иштейт.

№7, 38, 42, 36-автобустан жана № 103, 136, 225, 243, 199, 143, 219, 129, 135, 210, 222, 224, 227, 260, 104, 170, 216, 139, 164, 179, 212, 240, 258, 185, 269-маршруткалар дагы түн ортосуна чейин иш алып барышат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.