Баткен эл аралык аэропортунун башчысы Нургазы Жаныбеков президент Сооронбай Жээнбековго ачык кайрылуу жолдоду. Кайрылууда ал Кыргызстанда авиация тармагында коррупция күч алганын, Баткен аэропорту “эл аралык” макамынын талаптарына жооп бербей турганын айткан.
Аэропорттун жетекчиси 2019 -жылы 24-октябрь күнү облустун прокурору Бакыт Халмурзаев өз ара пикир келишпестик болгону айтат. Бул окуядан улам Ош аэропортунун жетекчиси Талант Исаков Нургазы Жаныбековду жумуштан кетүүгө мажбурлаган. Жетекчилик тарабынан кысымга кабылгандыктан ал жумуштан кетүүгө мажбур болгонун кайрылууда билдирген.
Нургазы Жаныбеков 2018-жылдын 4-июлунан Баткен эл аралык аэропортунун жетекчиси кызматын аркалап келет.
Анын президентке кайрылуусу боюнча Ош эл аралык аэропортунун жетекчилиги маалымат берүүдөн баш тартты.