ТИМ: Алматыда кырсыкка учураган кыргызстандыктын абалы канааттандырарлык

Окуялар тизмеги, Өлкө 28 Дек 2019 09:42
0 ой-пикир

Алматыда кырсыкка учураган учакта болгон кыргызстандык жарандын абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулдугунун маалыматы боюнча, учакта 1983-жылы туулган К.М. аттуу КР жараны болгон. Ал Алматы шаарынын №1 Тез жардам ооруканасынын Травматология бөлүмүнө жеткирилген.

«Башкы консулдуктун кызматкерлери ал жаранды көрүп келди. Анын абалы канааттандырарлык деп бааланууда», — деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, 27-декабрда Казакстандык «Bek Air» авиакомпаниясынын «Алматы — Нур-Султан» багыты менен чыккан учагы саат 07:05те учуп чыгып, радарлардан жоголуп кеткен. Учакта 95 жүргүнчү жана экипаждын беш мүчөсү болгон.

Казакстандык ММКлардын маалыматы боюнча, кырсыктан 15 адам каза болгон.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.