Мугалимдер жана врачтар ипотекалык насыядан үйлүү болушту

Окуялар тизмеги, Өлкө 28 Дек 2019 15:46
0 ой-пикир

Баш калаанын «Тунгуч» кичирайонунда «Жеткиликтүү турак жай» программасынынын алкагында тогуз кабаттуу үй тапшырылды. 135 батирлүү турак-жайдын ачкычтары медицина, билим берүү, маданият жана социалдык тармактын кызматкерлерине тапшырылды.

Батирлер баштапкы төлөмсүз, насыянын жылдык үстөгү алты пайыз менен 15 жылга берилди. Турак жай аларга насыя толугу менен төлөнүп бүткөндө гана катталат. Бул көп кабаттуу үйдөгү батирлердин бардыгы бир бөлмөлүү, алардын максималдуу аянты 75 чарчы метр.

Расмий маалыматка караганда, «Турак жайды ижара менен сатып алуу» долбоору боюнча жарандар биринчи жолу батир алып жатат. «Мамлекеттик ипотекалык компания» иштеп баштагандан бери өлкөдө 4 500 киши турак жай алды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.