ИИМ: 30-декабрдан баштап милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт

Окуялар тизмеги, Өлкө 28 Дек 2019 17:41
0 ой-пикир

Бүгүн, 28-декабрь күнү борбор калаанын эски аянтында Ички иштер министрлигинин гарнизондук саптык кароосу өттү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы жыл алдында Ички иштер министрлиги коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча зарыл болгон бардык чараларды көрүүдө. Өзгөчө мааниге ээ болгон, стратегиялык жана өзгөчө кайтарууга ала турган жайлар, жашоо тиричиликти камсыз кылуучу объектилер күчөтүлгөн кайтарууга алынат.

Жаңы жылдык иш-чараларга байланыштуу милиция 2019-жылдын 30-декабрынан баштап 2020-жылдын 1-январына чейин күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө киришет.

Аталган гарнизондук саптык кароого ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, министрдин орун басарлары, ИИМдин борбордук аппараттын башкармалыктарынын, Бишкек шаардык жана Чүй областтык милициянын жетекчилик курамы катышышты.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.