Феминнале көргөзмөсүнүн куратору ур-токмокко алынганын, өлкөдөн чыгып кетерин билдирди

Окуялар тизмеги, Өлкө 28 Дек 2019 09:03
0 ой-пикир

Феминнале чуулгандуу көргөзмөсүнүн куратору Айгүл Карабалинаны ур-токмокко кабылды. Бул жөнүндө ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, жарандык активистке 26-декабрда кечинде үйүнүн жанында белгисиз эки адам кол салган.

Кесепетинде мээси чайкалганын айтып, баласынын коопсуздугу үчүн тез арада Кыргызстандан башка жакка кетип калууну көздөп жатканын билдирди.

Бишкек милициясы активист Айгүл Карабалинанын атынан арыз түшпөгөнүн, ага карабастан билдирүүсү боюнча текшерүү жүргүзүлө баштаганын билдиришти.

Эске салсак, Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр музейинде 27-ноябрда аялдардын укуктарын жактаган 17 күндүк феминнале көргөзмөсү ызы-чуу менен коштолгон. Айрым экспонаттар алынып, музейдин директору Мира Жангарачева кызматкерлердин коопсуздугуна байланыштуу деп иштен кеткен. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги көргөзмөнү сындап, парламенттин айрым депутаттары да нааразылык билдиришкен.

Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыктаган маалымат жыйынында феминнале бул аялзатын мазактоо деп баалаган.

Анын айтуусуна караганда, аталган маселе коомду экиге бөлүп, ар кандай талаш-тартышты жаратты.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.