«Эне баласын кучактап жатыптыр». Кулаган учактан ымыркайды куткарган полициянын баяны

Окуялар тизмеги 28 Дек 2019 22:26
0 ой-пикир

Алматыда кулаган учактан ымыркайды куткарып калган полиция кызматкери окуянын чоо-жайын айтып берди, деп жазат sputnik.kz.

Буга чейин Алматынын Жол кайгуул кызматынын ага лейтенанты Жаксылык Султановдун баланы көтөрүп бара жаткан сүрөтү социалдык тармакка тарап кеткен.

Аба учагы кулаган райондо түнү менен ал нөөмөттө жүрүп, 27-декабрда саат 8:00дө өткөрүп бермек эле. Райондун борборун көздөй бара жатып учактын кулаганы боюнча кабар уккан. Көрсө, полиция кызматкерлери кырсык болгон жерден эң көп дегенде 2 чакырым аралыкта жүрүшкөн.

«Билдирүү түшүп, окуя болгон жерге бара жатканда толук маалыматыбыз жок эле. Баргандан кийин шок болдук. Куткаруучулар, полиция жана Тез жардам ызы-чуу болуп иштеп жатыптыр», — деди Жаксылык Султанов.

Анын айтымына караганда, кулаган лайнердин айланасында кийимдер, буюмдар чачылып жатканын көрүүгө болот эле. Дарыгерлер менен куткаруучулар салондон жүргүнчүлөрдү чыгарып жаткан. Кымгуут учурда жетекчилердин бири, дагы эки кызматкерге кырсык болгон имараттын тегерегин текшерип чыгууну айткан.

«Чачылып жаткан жүктөрдүн арасында жаткан аялды көрдүм. Жакындап барып абалын сурасам, жооп бере алган жок. Ич жагында ак күрмө жатыптыр. Аны үстүнөн алайын деп көтөрө салсам бала экен, ыйлап жиберди. Энеси турганга аракет кылды. Абайлап карасам, буту сынып кетиптир. Кыймылдабай жата туруңуз дедим. Ымыркайынан кам санабашын, бөбөктү Тез жардамдын дарыгерлеринин колуна береримди айттым. Сүйлөгөнгө жараган жок, болгону жооп катары көзүн ирмеди», — деп айтып берди Жаксылык.

Полиция кызматкери мындай көрүнүшкө даяр эместиги жана алгач коркуп кеткендигин жашырган жок.

«Ооба, коркуп кеттим. Анан үйдө калган бир жашар кызым дароо эсиме түшүп кетти. Баатыр дейсизби? Жок. Баатыр, каарман деп акырына чейин баласын коргогон энени айтыш керек. Ошонусу менен ымыркайынын өмүрүн сактап калды», — деди Султанов.

Анын баланы көтөрүп бара жаткан сүрөтү социалдык тармакка тарап, интернет колдонуучулар аны «каарман», «баатыр» деп ыраазылыгын жаза башташкан.

Полиция кызматкери мындай пикирлерге салкын кандуулук менен бул жумушу экенин айтып, жооп узатты.

Эске сала кетсек, 27-декабрда Казакстандык «Bek Air» авиакомпаниясынын «Алматы — Нур-Султан» багыты менен учкан учак кулап түшкөн. Учакта 95 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгон. Казакстандык ММКлары билдиргендей , кырсыктан 15 адам каза болгон.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.