ТИМ: Алматыда кырсыкка учураган учакта кыргызстандыктардын бар-жогу такталууда

Окуялар тизмеги 27 Дек 2019 12:08
0 ой-пикир

Тышкы иштер министрлиги Алматы шаарында кырсыкка учураган учактын ичинде кыргызстандыктардын бар-жогун тактап жатат.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Алматы шаарындагы башкы консулдугу коңшу өлкөнүн тиешелүү органдары менен байланышууда.

Тышкы саясий ведомстводон билдиришкендей, азырынчы эч кандай кабар жок.

Эскерте кетсек, бүгүн, 27-декабрь күнү болжол менен саат 07:22де «Бэк Эйр» авиакомпаниясынын Алматы — Нур-Султан багыты боюнча учууга даярданган учагы абага көтөрүлгөндө бийиктигин жоготуп, аэропорттун бетон тосмосун сүзүп калган. Учурда каза болгондордун саны 9 адамга жеткендиги айтылды. Алдын ала маалыматтар боюнча, учактын ичинде 95 жүргүнчү жана экипаждын беш мүчөсү болгон.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.