Маданият министрлиги: Тарых музейинде эки жасалма картина аныкталды

Окуялар тизмеги, Өлкө 27 Дек 2019 13:21
0 ой-пикир

Эксперт жана реставраторлордон турган комиссия Мамлекеттик тарых музейинде 2 жасалма картинаны аныктады. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйында Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында, музейдеги картиналардын 70%ы текшерилген. Комиссиянын корутундусу боюнча эки сүрөт түп нуска эмес болууда.

«Эки сүрөт бүлүнгөн. Тергөө түп нускасын аныктоо боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Ал эми, мурдагы директор сүрөттөр жасалма эмес экенин айтып жатат. Бул ишти билген эксперт жана реставраторлордон турган комиссия, сүрөттөр түп нуска эмес деп тыянак чыгарган», — деди министр.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.