ИИМ: Экстремисттик 4 сайт жана 10 аккаунт жабылды

Окуялар тизмеги 27 Дек 2019 15:09
0 ой-пикир

Кыргызстанда бүгүнкү күнгө карата 80 сайт экстремисттик жана террористтик мүнөздө экени аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Интернеттеги социалдык түйүндөрдө мониторинг жүргүзүлүп, 80 сайт жана 22 аккаунт ушундай багытта экени белгилүү болду.

Натыйжада соттун чечими менен 44 сайт жана 10 аккаунт тосмолонду.

Быйыл диний-экстремисттик жана эл аралык террористтик уюмдардын идеологиясын жайылтууга шектүү катары 316 адам кармалды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалыматына караганда, Сирияга кеткен кыргызстандыктардын саны 850дөй киши, ал эми Ирак боюнча расмий маалымат жок. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.