Алматыда самолет кулады. Сүрөт

Окуялар тизмеги 27 Дек 2019 09:23
0 ой-пикир

Бүгүн, 27-декабрь күнү болжол менен саат 07:22де «Бэк Эйр» авиакомпаниясынын Алматы — Нур-Султан багыты боюнча учууга даярданган учагы абага көтөрүлгөндө бийиктигин жоготуп, аэропорттун бетон тосмосун сүзүп алды. Бул тууралуу “Казинформ” маалымат агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, учак эки кабаттуу курулушту сүзүп алган. Дароо эле куткаруу иштери башталган, өрт чыккан эмес. Учурда каза болгондордун саны 9 адамга жеткендиги айтылды.

Казакстандын премьер-министринин тапшырмасы менен өкмөттүк комиссия түзүлгөн. Кыйроонун себептери жана чоо-жайы аныкталат.

Алдын ала маалыматтар боюнча, учактын ичинде 95 жүргүнчү жана экипаждын беш мүчөсү болгон.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.