Текебаев: ЕАЭБге киргенден кийин бажыдагы коррупция бир колго өттү

Видео, Окуялар тизмеги, Өлкө 26 Дек 2019 09:36
0 ой-пикир

Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине киргенден кийин бажы, чек арадагы коррупция бир колго өттү. Мындай пикирин «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев журналисттик иликтөөлөр, бажы тармагындагы коррупция боюнча «Азаттык» радиосуна берген маегинде айткан.

— Эмне үчүн Райымдын маселеси бүгүн көтөрүлдү? Эмнеге 2000-2005-2010-жылдары көтөрүлгөн эмес? Анткени анда баары жасайт эле. Евразия Экономикалык Биримдигине киргенден кийин монополия болуп бир колго өттү. Мамлекет башчысы, күч органдары катышмайын муну жасоо болбой калды. Бул бизнес трансулуттук мүнөзгө ээ болгонун белгилегим келет.

Ошондой эле белгилүү саясатчы учурдагы өлкөдөгү коомдук- саясий абал жана президенттин жыйынтоочу маалымат жыйыны боюнча өз оюн билдирген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.