Премьер-министр ММКларга карата доо арыздар боюнча өз пикирин билдирди

Окуялар тизмеги, Өлкө 26 Дек 2019 17:17
0 ой-пикир

ЖМКга каршы доо арыз – талаштуу маселени жөнгө салуунун жалгыз жолу эмес. Тараптар келип чыккан маселени чечүүнүн альтернативдик шарттарын табууга аракет кылыш керек. Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн сыйлоо салтанатында билдирди.

Өкмөт башчы өз сөзүндө жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн буга чейин белгиленген кесиптик майрамы жана келе жаткан жаңы жыл менен куттуктады.

«Азыркы жеңил эмес учурда журналист болуу – бул, албетте, барынан биринчи чоң жоопкерчилик. Cиздердин талыкпаган эмгегиңиздердин натыйжасында биздин жарандар өлкө ичинде жана андан тышкары аймактардагы акыркы коомдук-саясий, маданий окуялар менен кабардар болуу мүмкүнчүлүгүн алууда. Учурда биздин жашообузду жалпыга маалымдоо каражаттарысыз элестетүү мүмкүн эмес. Мен ЖМКнын өлкөнүн социалдык-экономикалык кайра куруусундагы ролун белгилегим келет. Премьер-министр катары мен журналисттер менен байма-бай жолугам жана силердин ишиңердин татаалдыгын дагы билем», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр учурдан пайдаланып, массалык маалымат каражаттарына карата доо арыздардын айланасындагы талкуулар боюнча өз пикирин билдирди.

«Биздин өлкө сөз эркиндиги боюнча аймактагы лидер болуп эсептелет. Бул талашсыз факт. Бизде кандай гана жаран болбосун, өз пикирин эркин билдире алат, ал эми жалпыга маалымдоо каражаттары муну тоскоолдуксуз жайылтып келет. Бирок ата мекендик журналистика биздин өлкө сындуу учурда калыптануунун жана өнүгүүнүн татаал баскычынан өтүүдө. Журналисттер дагы материалдары дайыма тастыкталган фактыларга негизделиши керектигин унутпашы зарыл. Мен журналистиканын акыркы жылдары иштин сапатына чоң көңүл буруп, редакциялык талапты күчөтүп, этикалык ченемдерди тажрыйбада колдонуп жатканын байкап, кубанып турам. Биз мындан ары да Кыргызстандагы сөз эркиндигин бекемдөөгө бардык ишти жасап, ушул оңдуу тенденцияларды сактап калабыз деген терең ишенимдемин. Өлкөдөгү окуяларды сапаттуу жана калыс чагылдыруу биз үчүн өтө маанилүү, анткени биз маалыматтын күчүн баалоо кыйын болгон шарттарда жашап жатабыз. ЖМКларга каршы доо арыздар – талаштарды жөнгө салуунун жалгыз жолу эмес экендигин баса белгилей кетейин. Тараптар келип чыккан келишпестиктерди чечүүдө ар дайым альтернативдик багыттарды табууга умтулууга тийиш. Биздин күчүбүз ачык-айкындуулукта. Биз эч нерсени жашырбайбыз жана кандай гана тема болбосун ачык талкуулаганга, далилдерди келтирүүгө жана талкуулоого даярбыз. Бизде мунай жана газдын ири камы жок, бирок биздин эркиндикти сүйгөн, демократиялуу коомубуз, сөз жана тандоо эркиндигибиз бар», — деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы белгилегендей «эң негизги жетишкендигибиз – бул тынчтык, туруктуулук жана элдин биримдиги».

Өкмөт башчы сөзүнүн соңунда жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.