Кыргызстанда Маалыматтык коопсуздук коргоо боюнча өзүнчө орган түзүлөт

Окуялар тизмеги, Өлкө 26 Дек 2019 10:01
0 ой-пикир

Кыргызстанда Маалыматтык коопсуздук жана жеке маалымат коопсуздугу боюнча орган уюштуруу каралып жатат. Бул жөнүндө президенттин жылдык маалымат жыйынында белгилүү болду.

Fakt.check.kg сайтына болгон DDoS-чабуул жөнүндө президент Сооронбай Жээнбеков маалыматы бар экендигин жана тиешелүү чаралар көрүлүп жаткандыгын айтты.

«ММКга DDos атака боюнча маалыматым бар. Бул бизде эле эмес, технологиясы өнүккөн алдыңкы мамлекеттерде да болуп жатат. Мамлекеттик каттоо кызматынан да окуя, маалыматтардын чыгып кеткени бул дагы далилдеп турат, маалыматтык коопсуздуккаөзгөчө мамиле кылып, өзгөчө чараларды көрүшүбүз керек.

Азыр коопсуздук кеңешинде кибер коопсуздук боюнча стратегия иштелип чыкты. Ал кабыл алынды. Буга чейин бир дагы адис болгон эмес, бул стратегия кабыл алынган эмес.

Азыр ошол стратегиянын негизинде улуттук мамлекеттик коопсуздук комитети жана технологиялдар жана байланыш комитетине бул жүктөлдү.

Маалыматтык коопсуздукту сактоо жана жарандардын жеке маалыматтык коопсуздугун коргоо боюнча стратегияда 2020-жылдын 1-февралында өзүнчө органды уюштуруу боюнча маселе каралган. Ал боюнча иштер жүрүп жатат. Буюрса, колго алабыз. Мунун үстүнөн дагы иш алып барабыз»,- деди Президент.

Эске сала кетсек, Матраимовдордун туугандары боюнча иликтөө чыгаргандан кийин Fakt.check.kg жана ал материалды көчүрүп жарыялаган «Кактус», «Экономист», Govori.tv, «Вечерний Бишкек», knews.kg, «Политклиника» сайттары хакердик чабуулга кабылган.

Айрым адистер Кыргызстандын тарыхында бир канча басылмага бир убакта чабуул жасалышы биринчи жолу болуп жатканын айтышат.  

DDoS-чабуул бул — сайтты бузуу үчүн серверге бир эле учурда бир канча жол менен аракет кылуу.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.