Бүгүн, 26-декабрда Бишкек шаардык соту Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасы боюнча аппеляциялык арызды кароодо. Бул тууралуу жарандык активист Адиль Турдукулов Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.
» Равшан Жээнбековго сөзсүз басым же саясый кугунтук болуп жатат. Ага карата аракеттер эч кандай укуктук жактан негизделген жок. Кой-Таштагы окуяда медиатордун гана ролун аткарган. Анын эч кандай бийликти басып алуу же дагы башка терс ойлору болгон эмес. Менимче, анын оппозициялык ишмердиги үчүн ушундай иштер болуп жатат, — деди Турдукулов
Ал сотко Жээнбековду колдоп келгендердин сүрөтүн жарыялаган.
Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясындагы башаламандык, барымтага алуу сыяктуу кылмыштарга шектелип камакка алынган.