Жээнбеков: Менде бажы кызматында “кошелёк” деген жок

Окуялар тизмеги, Өлкө 25 Дек 2019 14:34
0 ой-пикир

Бүгүн Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйыны өттү.

Райымбек Матраимовду жоопко тартуу боюнча суроого жооп берип жатып, мамлекет башчысы анын аты менен Матраимовду жемкорлуктун символу катары байланыштыруу аракети жүрүп жатканын билдирди.

«Мага чейинки жылдардагы коррупционерлер жана алардын саясий технологдору элибиз коррупцияны жек көргөнүн билип туруп Райым Матраимовду коррупциянын символу кылып мага жабыштыргысы келип жатат. Атайын тергөө тобу түзүлдү. Ал иштеп жатат. Тапшырма берилди. Мен да карап турам. Убакыт керек. Эгер дагы билгениң болсо ошол фактыларды бергиле, тергөөгө жардамдашкыла деп жатам. Силер айттыңар, эми аны юридикалык жактан бекемдеш керек да. Айтып койсоң эле бирөөнү камай албайбыз, 1937-жыл эмес да. Бекемдеш керек. 27 жылда жасашпайт беле?! Бардык кезде ошондой болуп келген. Бажыны көзөмөлдөй турган органдар, президенттер өздөрү чогуу схемада отурган. Азыр менде бажыдабы, башка тармактабы “кошелок” деген жок. Мен жогуна кызыкдармын», — дейт Жээнбеков.

Өлкө башчысы бул кызматты санариптештирүүгө чоң көңүл бурулуп жаткандыгын кошумчалады.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.