Жээнбеков: Бабановдун мисалы чон саясат менен бизнестин аралышып кеткенин эн чон үлгүсү

Окуялар тизмеги, Өлкө 25 Дек 2019 12:08
0 ой-пикир

Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйыны өтүүдө.

«Элдик медианын» журналисти саясатчы Өмүрбек Бабанов тууралуу сурап, шайлоонун алдында ага убада кылган 25 суроо качан берилерине кызыкты.

Буга Сооронбай Жээнбеков «25 суроону менин бергеним туура эмес болот. Аны тергөө органдары берсин» деген жооп узатты.

«Бабановдун мисалы чон саясат менен бизнестин аралышып кеткенин эн чон үлгүсү. Ага 25 суроону мен эмес, тергоо берет. Ага мумкунчулук тузулдү» — деди президент.

Анын партия лидерлигинен кеткенин сыртта жүрүп укканын, ал киши тууралуу башка сөздү айтканы туура эмес болуп каларын кошумчалады.

Эске сала кетсек, Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 24-ноябрында расмий түрдө президенттик кызматка киришкен.

Бул Жээнбековдун президенттик кызматтагы экинчи маалымат жыйыны. Жыйынга бардыгы болуп 188 журналист аккредитациядан өттү. Алардын ичинен 160 журналист 77 республикалык массалык маалымат каражаттарынан жана 28и — Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде аккредитацияланган 15 чет өлкөлүк ММК өкүлдөрү.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.