Спикерди чакыртып алуу демилгеси белгисиз мөөнөткө токтотулду

Окуялар тизмеги, Өлкө 25 Дек 2019 15:57
0 ой-пикир

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясы Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековду чакыртып алуу боюнча добуш берүүнү токтотту. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган фракциянын лидеринин орун басары, депутат Зияддин Жамалдинов билдирди:

Чакыртуунун демилгечиси Исхак Масалиев мүчө болгон фракция сунушту карап, «парламент жана коомчулуктун пикирин байкайлы» деген жүйө менен белгисиз мөөнөткө токтоткон.

» Бул маселени депутат Масалиев көтөргөн, анан бизде талкуу болду. «Элдин, башка депутаттардын пикирин билели» деген сөз болгон. Ошол боюнча демилге токтотулду, азыр добушка коюлган жок, токтоп турат» — деди Зияддин Жамалдинов.

Жамалдинов бул маселе качан каралышы мүмкүн экенин тактаган жок.

Исхак Масалиев Дастанбек Жумабековду парламент төрагалыгынан чакыртып алуу демилгесин эки апта мурда көтөргөн. Ал Жогорку Кеңештин дарегине сын көбөйгөнүн белгилеп, бул жетекчиден да көз каранды экенин билдирген. Масалиев төрага Жумабековду бул кызматка даяр эмес деп, депутаттарды бул демилгени колдоп берүүнү сунуштаган.

Депутаттын мындай сунушу Дастанбек Жумабеков жыйынды алып барып жатып, Германиядагы шаардын аталышын туура эмес атап, коомчулукта талкуу болуп жаткан учурга туш келген. Ага чейин да парламент төрагасы кол койгон каттагы грамматикалык каталар, эл аралык жыйында орусча сүйлөгөндөн кыйналганы талкууга түшкөн эле.

Бирок айрым депутаттар азыркы чакырылыштагы парламенттин алты айлык мөөнөтү калганын айтып, аны кызматтан кетирүүгө зарылчылык жок экенин айтып чыгышкан.

Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков эч кандай комментарий бере элек.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.