Президенттин маалымат жыйыны: 29 журналист 50дөн ашык суроо беришти

Окуялар тизмеги, Өлкө 25 Дек 2019 18:53
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбековдун бүгүн маалымат жыйыны болуп өттү. Анда өзүнүн президенттик ишмердүүулүгүнүн негизги багыттары, аймакты өнүктүрүү мамлекеттик саясаты, өлкөнү санариптештирүү, Кыргызстандын тышкы саясаты тууралуу айтып берди.

Маалыматтык жыйын үч сааттан ашык убакытка созулуп, анда 29 журналист 50дөн ашык суроолорду беришти.

Бирок, бир катар медианын кабарчылары суроо узатууга үлгүрбөй калышты. Kloop порталынын журналисти Евгения Михайлиди президентке «учурда коомдо талкууланган көйгөйлөр жөнүндө суроолор берилбей калды» деген пикирин «Азаттыкка» билдирип, пресс-конференциянын форматы өзгөргөнүн «цензура» деп атады.

Быйыл президентке суроо берүү форматы өзгөртүлдү. Буга чейинки жылдары журналисттер микрофонго келип кезекке турса, быйыл маалымат жыйынынын катышуучуларынын кол көтөргөнүнө жараша президенттик аппараттын Маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева сөз берип жатты.

Стамалиева муну мамлекет башчынын убактысынын тардыгы, башка жолугушуулары бар экени менен түшүндүрдү.

Натыйжада Kloop басылмасы, «Настоящее время», «Апрель» телеканалдары, «ПолитКлиника» жана башка бир катар маалымат каражаттарынын өкүлдөрү суроо бере албай калышты.

Саат 11:00дө башталган басма сөз жыйыны 14:00дөн өткөндө аяктады. Башында жыйын 13:30да бүтөрү айтылган.

Бугүнкү басма сөз жыйынына катышууга 92 жалпыга маалымдоо каражатынан 188 журналист аккредитациядан өткөн. Алардын 160ы жергиликтүү, 15и чет элдиктер.

Жыйынды Коомдук телерадикорпорация түз ободо көрсөттү.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.