Коңшу мамлекеттер менен болгон мамилебиз бир кыйла жакшырды , — президент

Окуялар тизмеги 25 Дек 2019 13:25
0 ой-пикир

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыктаган маалымат жыйынында тышкы саясат тууралуу айтып берди.

Мамлекет башчысы коңшу мамлекеттер менен болгон мамиле бир кыйла жакшыргандыгын билдирди.

» Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан менен жемиштүү сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк. Союздашыбыз — Россия менен абдан тыгыз кызматташтыкка жетиштик. Кыргыз жарандары көп жашаган Россия жана Европа шаарларында бир нече консулдук мекемелер ачылды. Россия Федерациясынын региондорунда 4 консулдук ачылды. Дээрлик 130 миң жаранга мунапыс берилди, „кара тизмеден“ 6 миңден ашык жаран чыгарылды. Кытай жана Индия менен болгон мамилебиз өнөктөштүктүн жаңы деңгээлине чыкты. Шанхай кызматташтык уюмунун жана Жамааттык коопсуздук уюмунун саммиттерин ийгиликтүү өткөрдүк. Кыргызстан 2019-2023-жылдарга ЮНЕСКОнун аткаруу кеңешинин курамына шайланды», — деп билдирди Жээнбеков.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.