Баланын убалы кимге? Жубайлардын урушу экөөнүн өлүмү менен аяктады

Окуялар тизмеги, Өлкө 25 Дек 2019 15:17
0 ой-пикир

Чүйдө жубайлардын урушу экөөнүн өлүмү менен аяктады. Бул тууралуу облустук милиция кабарлады.

Окуя 24-декабрда Аламүдүн районуна караштуу Горная Маевка айылында болгон.

Милициянын билдиришинче, күйөөсү менен аялы уруша кеткен. 24 жаштагы келин бычак жеп, Беш-Күңгөй айылындагы аскердик госпиталда көз жумду. Ага кол салган күйөөсү, 28 жаштагы жергиликтүү тургун да өз жанын кыюуга аракет жасап, өзүнө өзү бычак сайган. Ал да алган жараатынан каза тапты.

Маркумдардын артында бойго жете элек эки бала калды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.