Жыл жыйынтыгы: футбол жаатында мыктылар аныкталды

Окуялар тизмеги, Өлкө 24 Дек 2019 14:56
0 ой-пикир

Фубол жаатында 2019- жылдын мыктылары аныкталып, аларга сый- урмат көрсөтүлдү.

“Жылдын мыкты машыктыруучусу” наамы улуттук курама команданын машыктыруучусу Александр Крестининге ыйгарылды.

Ал эми мыкты футболчу наамына 19 жаштагы жарым коргоочу Гүлжигит Алыкулов аталды.

“Жылдын мыкты командасы” деп 16 жашка чейинки кыздардын курама командасы табылса, “Мыкты футзал оюнчусу” наамы Максат Алимовго, “Мыкты калыс” наамы Нурдин Букуев менен Сергей Грищенкого ыйгарылды. “Кыргызстандын премьер лигасынын мыкты оюнчусу» деп “Дордой” командасынын жарым коргоочусу Фархад Мусабеков табылды.

Футболдун өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Ысык-Көл облусунун футбол федерациясына “Жылдын мыкты федерациясы” наамы берилди.

Сүрөт: Ксения Толканева

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.