УКМКда өтүп жаткан сотко тез жардам чакыртылды

Окуялар тизмеги, Өлкө 24 Дек 2019 16:29
0 ой-пикир

Бүгүн, 24-декабрда Улуттук коопсуздук комитетинде (УКМК) “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулганы боюнча сот процесси өтүп жатат. Сотто судья Эмил Кайыпов төрагалык кылууда.

Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев отурумду Биринчи май райондук сотуна которуу өтүнүчүн келтирди. Ал сот процессинин катышуучуларына шарттын жоктугун жүйө келтирди. Ошондой эле сотту Атамбаевсиз өткөрүүнү суранды.

Бирок, судья жактоочулар келтирген өтүнүчтөрдү четке какты.

Сот отурумунда айыпталуучулардын бири Абдухалим Раимжанов өзүн жаман сезип, ага тез жардам чакыртылды.

Аны дарыгерлер ооруканага алып кеткендиктен сот жараянды 26-декабрга жылдырды.

Эске сала кетсек, каралып жаткан сот иши А.Атамбаевге, И.Жолдубаевага (президенттин аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы), К.Качкыналиевге (Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси) жана А.Раимжановго (Улуттук гематология борборунун мурдагы директору) коррупция беренеси боюнча айып тагылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.