ИИМ «Камкордук» алдын алуу иш-чараларын өткөрдү

Окуялар тизмеги 24 Дек 2019 16:46
0 ой-пикир

ИИМдин жашы жете электердин арасында укук бузууларды алдын алуу борборунун кызматкерлери «Камкордук» алдын алуу иш-чараларын өткөрдү.

2019-жылдын 21-22-декабрь күндөрү Кыргыз Республикасынын ИИМдин жашы жете электердин арасында укук бузууларды алдын алуу борборунун кызматкерлери «Камкордук» алдын алуу иш-чараларын өткөрдү. Аталган иш-чаранын максаты -жашы жете электердин арасындагы көзөмөлсүз жана кароосуз калууларын эскертүү, жашоо-шарттары оор абалда жүргөн балдарды аныктоо. Аталган иш-чаранын жүрүшүндө ИИОнун кызматкерлери тарабынан соода-түйүн комплекстери, кичи базарлар, автобекеттер, темир жол автобекеттер, компьютердик клубдар жана башка коомдук жайлар текшерилди. Ыкчам-алдын алуу иш-чарасын жүргүзүү учурунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин жашы жете электердин арасында укук бузууларды алдын алуу борборунун кызматкерлери тарабынан улуулардын коштоосу жок түнкү маалда коомдук жайларда жүргөн- 10 жашы жете элек өспүрүм, анын ичинен -8 бала, 2 кыз аныкталды. Ар бир жашы жете элек өспүрүмдүн өздүгүн аныктоо, үйлөрүнөн чыгып кетүүнүн себептерин тактоо боюнча ар бири менен тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлдү. 8 жашы жете элек өспүрүмдүн ата-энеси такталып, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ал эми 2 жашы жете элек өспүрүм Кыргыз Республикасынын ИИМдин жашы жете электердин арасында укук бузууларды алдын алуу борборуна жеткирилип, алардын ата-энесинин телефондору өчүк болуп чыккан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.