Бириккен Араб Эмирлигиндеги элчиликке Абдилатиф Жумабаевдин талапкерлиги көрсөтүлдү

Окуялар тизмеги 24 Дек 2019 15:44
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын Бириккен Араб Эмирлигиндеги элчиликке Абдилатиф Жумабаевди жактырды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Жумабаевдин талапкерлигин депутаттарга тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов тааныштырды.

Белгилей кетсек, Абдилатиф Жумабаев ушу тапта Кыргызстандын Сауд Аравиясындагы жана Түштүк Африкадагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматын аркалап келет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.