Сооронкулова комиссиянын бүтүмүнүн өзгөртүлгөндүгү боюнча Башкы прокуратурага кайрылат

Окуялар тизмеги, Өлкө 23 Дек 2019 12:38
0 ой-пикир

2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Ташта болгон окуяны иликтеген мамлекеттик комиссиянын мүчөсү Клара Сооронкулова 12-декабрда парламент жыйынында алар кол койгон корутунду окулбастан, башка варианты окулганы боюнча Башкы прокуратурага кайрыларын KyrgyzToday.kg сайтына билдирген.

Анын сөзүнө ылайык, кайрылууну Жогорку Кеңешке да жөнөтөт, депутаттар ички иликтөө жүргүзүшү кажет.

“Башкы көзөмөл органына арыз жазуумда кыйынчылыктар болуп жатат, анткени мамкомиссиянын мамлекеттик орган катары макамы жок. Бул прецедент”, – дейт мамлекеттик комиссиянын мүчосү.

Клара Сооронкулова алар кол койгон корутунду ачыкка чыкпаганына нааразы.

Мамкомиссиянын дагы бир мүчөсү Артур Медетбеков да парламентте окулган корутунду башка экенин, алар кол койгон документтен айырмаланып турганын айтып чыккан.

Бирок мамкомиссиянын вице-премьер Жеңиш Разаков баштаган башка мүчөлөрү бул сөздөрдү четке кагып келет.

Эске сала кетсек, буга чейин 7-8 августтагы Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын мүчөсү, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова комиссиянын бекитилген корутундусунун кээ бир бөлүктөрү өзгөрүлгөнүн билдирген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.