Керч көпүрөсү аркылуу Крымга барган поезд каттамы ачылды

Окуялар тизмеги 23 Дек 2019 19:49
0 ой-пикир

Орусиянын президенти Владимир Путин 23-декабрда Орусия менен Крымды байланыштырган, Керч кысыгындагы көпүрө аркылуу өткөн поезддин каттамын ачты. Бул жөнүндө «Азаттык» Радиосу жазып чыкты.

Малыматка ылайык, иш-чараны Украинанын президентинин Крымдагы өкүлчүлүгү сынга алды. Ошондой эле Путиндин Крым менен Севастополго барганын айыптады.

«Орусиянын бул аракети Украинанын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн одоно бузуу болуп саналат, Кремль жалпыга маалым принциптерди жана эл аралык укукту сактабаганын көрсөтөт» — деп айтылат билдирүүдө.

Керч кысыгына курулган көпүрө автоунаа үчүн былтыр май айында ачылган. Андан кийин жүк ташууга уруксат берилген. Ушул жылдын май айында Путин көпүрөдөгү темир жол мөөнөтүнөн мурда курулуп бүтөт деп убада берген.

Узундугу 19 чакырымды түзгөн көпүрөнүн курулушуна 3,7 миллиард доллар жумшалган. Расмий Киев Москванын бул долбоорун сынга алган. Европа Биримдиги болсо Орусия менен Крымдын ортосундагы көпүрөнү курган компанияларга санкция салган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.