Ширин Айтматованын жолдошу эки айга камалды

Окуялар тизмеги, Өлкө 22 Дек 2019 08:56
0 ой-пикир

«Үмүт 2020» кыймылынын жетекчиси Ширин Айтматованын жолдошу ишкер Сыргак Кенжебаев эки айга камалганы белгилүү болду. Бул тууралуу Айтматова «Твиттердеги» баракчасына жазып чыкты.

Ал жолдошунун кармалышын өзүнүн саясий ишмердиги менен байланыштырып, ага болгон саясий басым катары баалады.

УКМК азырынча бөгөт чарасы байланыштуу расмий комментарий бере элек. Буга чейин атайын кызмат Кенжебаев Бишкекте алдамчылыкка шек саналып кармалганын билдирген.

Сыргак Кенжебаев

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.