Бишкек мэриясы: жолдорду тазалоодо 38 атайын техника иштеп жатат. ВИДЕО

Окуялар тизмеги 22 Дек 2019 15:01
0 ой-пикир

Бишкек мэриясына караштуу «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери түн жарымдан бери көчөлөрдү калың жааган кардан тазалоону улантууда. Бул жөнүндө мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолдорго жалпысынан 614 тонна техникалык туз чачылган.

Учурда шаарда 38 атайын техника иштеп жатат. Алардын ичинен 25и кар тазалоочу машина, эки ЗИЛ-130 үлгүсүндөгү техника, төрт универсалдык машина жана беш чакан трактор бар.

Мындан тышкары, 700 көчө шыпыргыч жана 120 жүктөөчү жолдорду тазалап жатат.

Мэрия шаардыктарга кайрылып, өзгөчө кар жааган күндөрү автоунааларды чоң-чоң көчөлөрдүн боюна токтотпоону өтүндү.

«Машиналар көчөнүн боюна токтоп турган маалда кызматкерлер жолду тазалай албай калышат. Экинчиден, алар атайын техниканын ары-бери өтүүсүнө, кыймылына тоскоолдук жаратып жатат», — деп айтылат мэриянын маалыматында.

Эгер жол тазалоого байланышкан маселелер болсо, төрт райондун акимдеринин орун басарларына кайрылууга болот:

  • Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — (0312) 65-68-78, (0550) 99-79-27;
  • Турсалиев Алмаз Жакыпбекович (Октябрь району) — (0312) 57-63-80, (0772) 19-20-74;
  • Аскарбеков Мавлян Амангельдиевич (Биринчи май району) — (0312) 66-15-37, (0555) 66-60-96;
  • Касымбеков Рустам Асаналиевич (Свердлов району) — (0312) 36-07-07, (0703) 61-18-06.
Тазалык и музыка ….

Бишкек- любимый город!

Опубликовано МЭРИЯ города Бишкек Суббота, 21 декабря 2019 г.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.