Президенттин учагы Санкт-Петербургдан абага көтөрүлө албай койду

Окуялар тизмеги 21 Дек 2019 19:48
0 ой-пикир

Өлкө башчыны ташыган биринчи борт Санкт-Петербург шаарынан кайтып келе жатып абага көтөрүлө албай калган. Буга самолеттун техникалык абалы себеп болгону айтылып жатат.

Натыйжада Сооронбай Жээнбеков Бишкекке каттамдык учак менен кайтууга аргасыз болгон. Президент Санкт-Петербург шаарына Жогорку Евразия Экономикалык Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн барган.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын президенти 1993-жылы өндүрүштөн чыккан Ту-154 учагы менен учат. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.