Өлкө башчыны ташыган биринчи борт Санкт-Петербург шаарынан кайтып келе жатып абага көтөрүлө албай калган. Буга самолеттун техникалык абалы себеп болгону айтылып жатат.
Натыйжада Сооронбай Жээнбеков Бишкекке каттамдык учак менен кайтууга аргасыз болгон. Президент Санкт-Петербург шаарына Жогорку Евразия Экономикалык Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн барган.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын президенти 1993-жылы өндүрүштөн чыккан Ту-154 учагы менен учат.