Ош: Анар кичи районунда милиция бөлүмчөсү ачылды

Окуялар тизмеги, Өлкө 21 Дек 2019 10:07
0 ой-пикир

Ош шаарынын Анар кичи районуна №5 шаардык милиция бөлүмчөсү ачылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, иш-чарага шаар мэри Таалайбек Сарыбашов, Ош ШИИБнин башчысы Мурат Боронов, өздүк курам жана аталган кичи райондун жашоочулары катышты. Шаар мэри кылмыштуулуктун алдын алуу максатында мэрия тарабынан имарат бөлүп берилгенин айтып, милиция кызматкерлерин ар тараптуу колдоого кызыктар экенин билдирди.

№5 милиция бөлүмчөсү Ош ШИИБнин Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнө карап, жыйырмадан ашуун милиция кызматкери иштейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.