Жасалма кыргыз паспортун алып жүргөн эл аралык террорист кармалды

Окуялар тизмеги, Өлкө 20 Дек 2019 15:07
0 ой-пикир

Эл аралык террордук уюмдун (ЭТУ) чет өлкөлүк мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн Улуттук коопсуздук комитетинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 19-декабрда УКМК тарабынан Бишкек шаарынан Кыргызстандын паспортун фиктивдүү колдонгон, жихадчы иш-чараларга катыштыгы бар жана КР чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн делип 1981-жылы туулган чет өлкөнүн Н.Х., аттуу жараны кармалган.

Аталган факты сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

«Кармалган адам УКМК Тергөө камак жайына киргизилди», — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.