Ширин Айтматованын жолдошу тууралуу маалымат жыйыны өз максатына жетпеди

Окуялар тизмеги, Өлкө 20 Дек 2019 15:26
0 ой-пикир

Бүгүн, 20-декабрда Ширин Айтматованын жолдошу Сыргак Кенжебаевден жабыркадым деген кытай жараны адвокаты менен «кызыктуу» маалымат жыйынын өткөрүштү.

Өзүн Мотайлифу Маймайтяминг деп тааныштырган адам ушул жылдын март айында Кыргызстанга келип, досу аркылуу Сыргак Кенжебаев менен таанышканын билдирди.

«Акылдуу шаар» долбоору боюнча Кенжебаев менен бизнес өнөктөш болуп, андан түшкөн каражаттын 85% өзү, ал эми 15% Кенжебаев алууга макулдашканын билдирди.

Ноябрда тендер бүттү. Биз тендерди бүтүрүп берсек, Кытайдын «Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd» компаниясы бизге акы катары 600 миң доллар берет деген келишимибиз бар болчу. Сыргак Кенжебаев алдамчылык кыла баштады. 350 миң доллар алып, паспортумду декабрь айында берди. Мага акчамды бербей жатат, — деди Мотайлифу.

Ал эми анын адвокаты Аскар кызы Жанара кытай ишкери Сыргак Кенжебаевден акчасын алалбай жатканын белгилеп, ага чара көрүү боюнча УКМКга арыз жазышканын айтты.

Маалымат жыйынын суроо-жооп кезеги келгенде, Сыргак Кенжебаев Ширин Айтматованын жолдошу экенин журналисттерден уккан жактоочу жыйынды жыйынтыктабай, шашылыш чыгып кетишти. Ал бул жоругун Айтматова менен жеке тааныштыгы бардыгы менен түшүндүрдү.

Эске салсак, «Үмүт 2020» кыймылынын жетекчиси, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Ширин Айтматова Твиттердери баракчасына анын күйөсү Алматынын аэропортунан кармалганын жазган.

Кийин УКМКнын басма сөз кызматы Сыргак Кенжебаев алдамчылыкка шектелип жатканын маалымдаган.

Учурда ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына калмалып турат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.