Ош: Төлөйкөн айылына алгачкы жолу таза суу жеткирилди

Окуялар тизмеги, Өлкө 20 Дек 2019 17:06
0 ой-пикир

Ош облусунун Карасу районуна караштуу Төлөйкан айылында алгачкы жолу ичүүчү таза суу жеткирилди. Тургундар буга чейин каналдан суу ташып ичип келишкен. Калкты таза суу менен камсыздоо максатында 400 кубметр болгон суу кампасы курулуп, пайдаланууга берилди.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, негизинен 4 көчөнүн тургундары таза суу менен камсыз болушат.

Жергиликтүү боюджеттин эсебинен жасалган курулуш иштери менен премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жана аталган айылдын тургундары таанышып чыгышты.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.