FIFA рейтинги: Кыргызстан 96-орунда

Окуялар тизмеги 20 Дек 2019 13:03
0 ой-пикир

19-декабрда FIFA уюму футбол боюнча улуттук курамалардын дүйнөлүк рейтингин жарыялады. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынан кабарлашты.

Ага ылайык, Кыргызстандын курама командасы 96-сапка жайгашса, футбол боюнча Азия конфедерациясында 15-орунга илинген.

Азия чөлкөмүндөгү рейтингдин биринчи орунун Япониянын курамасы ээледи.

Эске сала кетсек, 2018-жылда Кыргызстандын футбол боюнча курама конмандасы FIFA рейтингинде 91-орунда болчу.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.