Өзбекстандын парламентинде этникалык кыргыздарга квота берилди

Окуялар тизмеги 19 Дек 2019 15:18
0 ой-пикир

Өзбекстандын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу Палатасына этникалык кыргыздар үчүн квота берилди. Бул тууралуу тарыхчы Кыяс Молдокасымов Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

«Бул шайлоонун дагы бир өзгөчөлүгү 750 талапкердин арасында 3 кыргыз катталды. Буюрса шайлоодо 150 депутат тандалса, алардын арасында кыргыздардан да шайлана турган болуп калды. Өзбекстандын эгемендүүлүк жылдарынан бери мындай жагымдуу окуя боло элек болчу», — деп жазган Молдокасымов.

Келе жаткан жекшемби күнү 22-декабрда Өзбекстанда Мыйзам чыгаруу палатасына шайлоо өтөт. Расмий маалыматка ылайык, 150 депутаттык мандатка 750 талапкер ат салышып жатышат. Үгүт иштери 18-ноябрдан башталып 20-декабрда аяктайт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.