Матраимовдордун арызы боюнча соттук териштирүүлөр 2020-жылга жылды

Окуялар тизмеги, Өлкө 19 Дек 2019 17:46
0 ой-пикир

Бүгүн, 19-декабрда Свердлов райондук сотунда Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн 24.kg, «Азаттык» жана Kloop ЖМКларына карата доо арызын кароо боюнча алдын ала угуулар өттү. Соттук отурумда судья Жылдыз Ибраимова төрагалык кылууда.

Матраимовдордун адвокаттары журналисттик иликтөөдө келтирилген маалыматтарды сот каралып жаткан маалда таратууга тыюу салууну өтүнгөн. Бирок, бул өтүнүч канааттандырылган жок.

Ошондой эле судья медиация ыкмасын эске салып, тараптарды элдешип алууга чакырды. Арыздануучулардын жакточуулары медиалар материалдарын төгүндөөгө берсе гана арызын кайтарып алышарын айтышты.

Жоопкер тараптын адвокаттары бул ишти медиация ыкмасы менен чечүү мүмкүнчүлүгүн четке каккан жок.

Жыйынтыгында Матраимовдордун арызынын негизинде каралып жаткан соттук териштирүүлөр 2020-жылдын 20-январына жылды.

Белгилей кетсек, бир эле маалда үч басылманы сотко берген Матраимовдордун кызыкчылыгын төрт юрист коргойт. Алар: Мадина Ниязова, Лейла Байдаева, Татьяна Карыжинская жана Оксана Жданова.

Матраимовдордун адвокаттары

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.