Кара түтүндөн шаардыктарды противогаз сактайбы?

Окуялар тизмеги, Өлкө 19 Дек 2019 16:18
0 ой-пикир

Башкалаанын борбордук көчөлөрүндө газга каршы беткаптарды (противогаз) кийген жарандардын сүрөттөрү соцтармактарга тарап кеткен. Интернет колдонуучулар бул көрүнүштү Бишкекти каптаган кара түтүнгө каршы акция деп божомолдошкон.

Окуянын чын-төгүн  KyrgyzToday.kg сайты жазып чыкты. Көрсө, алар социалдык ролик тартып жүрүшүптүр. Идеянын автору Тимурдун айтымында, ролик кийинки жумада жарыкка чыгат.

“Мен бул роликти өзүм үчүн тарттым, 17-декабрда Эркиндик гүлзарбагынан, Бөкөнбаев менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен тартканбыз”, – деди ал.

Ролик үчүн атайын актерлорду тандашкан, арасында чоңу да, балдар да бар.

“Шаардагы ыш – азыркы учурдагы эң көйгөйлүү маселеге айланды. Ошол үчүн тарттык”, – дейт роликтин автору.

Белгилей кетсек,эЭкологдор эки жылдан бери Бишкекте абанын булганганы тууралуу коңгуроо кагып келет. Бирок кара түтүндү азайтуу боюнча чукул чара көрүлө элек.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.