Башкалаанын борбордук көчөлөрүндө газга каршы беткаптарды (противогаз) кийген жарандардын сүрөттөрү соцтармактарга тарап кеткен. Интернет колдонуучулар бул көрүнүштү Бишкекти каптаган кара түтүнгө каршы акция деп божомолдошкон.
Окуянын чын-төгүн KyrgyzToday.kg сайты жазып чыкты. Көрсө, алар социалдык ролик тартып жүрүшүптүр. Идеянын автору Тимурдун айтымында, ролик кийинки жумада жарыкка чыгат.
“Мен бул роликти өзүм үчүн тарттым, 17-декабрда Эркиндик гүлзарбагынан, Бөкөнбаев менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен тартканбыз”, – деди ал.
Ролик үчүн атайын актерлорду тандашкан, арасында чоңу да, балдар да бар.
“Шаардагы ыш – азыркы учурдагы эң көйгөйлүү маселеге айланды. Ошол үчүн тарттык”, – дейт роликтин автору.
Белгилей кетсек,эЭкологдор эки жылдан бери Бишкекте абанын булганганы тууралуу коңгуроо кагып келет. Бирок кара түтүндү азайтуу боюнча чукул чара көрүлө элек.