Дастан Бекешов кибер коопсуздук маселесин көтөрдү

Окуялар тизмеги, Өлкө 19 Дек 2019 13:05
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев бүгүн, 19-декабрда, пленардык жыйында Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсү тууралуу журналисттик иликтөөнү жарыялаган бир канча басылмага бир убакта чабуулга кабылып, сайттардын иштешинде маселе жаралгандыгын айтып чыкты.

— Мурдагы күнү, 17-декабрда, бир окуя болду. Журналисттер, Fakt.check.kg сайты Кыргызстандагы «белгилүү» үй-бүлө тууралуу журналисттик иликтөө жасаган. Ал жарыялангандан эки сааттан кийин ал сайт жана ал иликтөөнү көчүрүп жарыялаган башка сайттарга DDoS-атака башталган.

Белгилей өтсөм, DDoS-атака кылмыш жаза-кодексинин 304,305, 306-беренелеринин негизинде кылмыш-аракет катары эсептелет.

Укук коргоо органдары изилдеп-жасай алабы, жасай албайбы, кылмыш-аракеттер каяктан чыкты, аны ким кылып жатат, ушундай компетенттүү адистер барбы, мен билбейт экенмин. Бирок башкы прокуратурага, ички иштер министрлигине, сураныч, ошону кылмыш жана жоруктар бирдиктүу реестрине каттап, керек болсо, башка өлкөлөргө кайрылыш керек.

Өткөн жумада биз кибер кылмыш-аракеттерди изилдөө жөнүндө документти ратификация кылганбыз. Биз муну КМШ алкагында жасасак болот.

Тийиштүү комитетте карайлы. Ушундай протоколдук тапшырманы берсеңизидер, — деди депутат Дастан Бекешев.

Эске сала кетсек, Матраимовдордун туугандары боюнча иликтөө чыгаргандан кийин Fakt.check.kg жана ал материалды көчүрүп жарыялаган «Кактус», «Экономист», Govori.tv, «Вечерний Бишкек», knews.kg, «Политклиника» сайттары хакердик чабуулга кабылган.

Айрым адистер Кыргызстандын тарыхында бир канча басылмага бир убакта чабуул жасалышы биринчи жолу болуп жатканын айтышат.  

DDoS-чабуул бул — сайтты бузуу үчүн серверге бир эле учурда бир канча жол менен аракет кылуу.

DDoS-чабуул Жазык кодексинин «Компьютердик маалыматка укук ченемсиз жеткиликтүүлүк», «Зыян келтирүүчү компьютердик программаларды түзүү», «Компьютердик саботаж» беренелеринин негизинде кылмыш деп эсептелет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.