Атамбаевдин иши боюнча соттук отурумдар УКМКнын имаратында өтөт

Окуялар тизмеги, Өлкө 19 Дек 2019 16:46
0 ой-пикир

Бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу иш боюнча соттук отурум өтмөк.

Бирок, мурунку президент Алмазбек Атамбаев ден соолугуна байланыштуу 19-декабрда, ал сотко алып келинген жок. Прокурорлор Атамбаев сотко келбей жатканын айтып, жараянды УКМКда өткөрүү сунушун беришти. Сот бул сунушту канааттандырды.

Кийинки соттук отурумдар эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) имаратында өтөт. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Кайыпов чыгарды.

Эскерте кетсек, мындан мурдараак Кыргызстандын парламенти Алмазбек Атамбаевдин экс-президент макамын алуу үчүн ага каршы айып коюу маселеси боюнча атайын комиссия түзгөн. Соңунда, комиссия Атамбаев бир катар кылмыш фактыларына тиешеси болушу мүмкүн деген жыйынтыкка келген: анын ичинде кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу.

Убактылуу атайын комиссиянын корутундусунда, А.Батукаевдин бошотулушу Атамбаевдин көрсөтмөсү менен уюштурулгандыгы айтылат.

Бул факт боюнча А.Атамбаевге, И.Жолдубаевага (президенттин аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы), К.Качкыналиевге (Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси) жана А.Раимжановго (Улуттук гематология борборунун мурдагы директору) коррупция беренеси боюнча айып тагылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.